Кырчында театрлашкан көрсөтүүгө катышкан 3 топоз жоголуп кетип, милиция 1 күндөн кийин таап берди

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата Кырчын жайлоосуна орнотулган милициянын пунктуна 41 жаштагы жаран 3 топозу жоголуп кеткенин айтып кайрылган. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун маалымат катчысы SUPER.KG порталына кабарлады.

Берилген маалыматка ылайык, топоздордун ээси - Алай районунун Сары-Моңол айылынын тургуну Ражан Кадыров. Анын 3 топозу спорттук оюндардын ачылыш аземиндеги театрлашкан бөлүгүнө катышкан.

"Расмий ачылыш аземден кийин Кадыров топоздорун боз үйдүн жанына оттотуп коюп, өзү оюндарды көргөнү кеткен. Ал кайтып келген учурда кароосуз калган жаныбарлары жок болгон. Милиция издөө иштерин жүргүзүп, бир күндөн кийин этношаарчадан 25 чакырым алыстыктан, Григорьев айылына жакын жерден табылган. 3 топоз тең ээсине кайтарылды", - деди маалымат катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aibars
2018-09-06 11:57:11
Кырчындын кооздугуна суктанышып, 3 топоз адашып кеттида. Укмуштай жер экен качып кетели деген ой келсе керек.
+3
bond02
2018-09-06 13:37:38
Ха ха, милиция топоз издеп жургонун элестет.
+1
almanbetperm
2018-09-06 13:37:39
Чото милисалар жакшы иштеп коюп атабы деймда
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан