Москвада полиция кызматкерин өлтүрдү деп айыпталып жаткан кыргыз тектүү жаран 2 айга камакка алынды

Москва шаарында полиция кызматкерин өлтүрдү деп айыпталып жаткан Нурлан Муратов аттуу кыргыз тектүү жаран 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, тиешелүү буйрукту Москванын Черемушкин райондук соту чыгарган. Соттук тергөө учурунда Муратов жеңилирээк жазага тартууну өтүнүп, тергөө иштери бүтмөйүнчө эч жакка качып кетпей тургандыгын билдирген. Ал эми анын жактоочусу Муратовдун эч кандай күнөөсү жок экендигин, ал полиция кызматкеринин өлүмүнө күбө катары гана сурак бериши керектигин айткан.

Эске салсак, орусиялык ЖМКлар кырсык 3-сентябрга караган түнү "Курская" станциясында орун алганын, анда 23 жаштагы полиция кызматкерин Орусиянын 43 жаштагы жараны башка атып кеткендиги тууралуу жазышкан. Шектүү жаран Баткен согушуна катышканы боюнча да маалыматтарда тарап жаткан. Кийин Ош облусунун Кара-Кулжа райондук аскердик каттоо бөлүм башчылыгы кылмышка шектүү Баткен согушуна катышпагандыгын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
love2016kg
2018-09-06 13:12:47
Ушунун баарына биздин чондорубуз куноолуу
+9
Abdizhapar
2018-09-06 13:30:56
Чондор куюп берип мас кылып кочого чыгардыбы. Бироонун жеринде жон журуш керек
-10
patiydin
2018-09-06 13:49:18
Abdizhapar,иним Эгер бизде жашоо жакщы болсо ал инибиз москвага келмек беле. Озубуздогу жашоо жакшыланмайынча биздин Эл кыйналып журо берет.
+11
Jaziko80
2018-09-06 15:50:23
Abdizhapar, Туура айтасын. Мас абалда кайсы метродо жургонун билбей жататго. Тооба кылдым. Кудай сактасын. Тынч аман иштеп кетели Эли Жерибизге.
-2
33SUUN
2018-09-06 14:29:36
Эмнеге женилирээк жаза суранды? Масчылыгында байкабай олтуруп салган окшойт. Ак болсо жаза суранбай акталышын сураныш керек болчу.
-5
aerforce
2018-09-06 17:03:07
Жок бул постава мас болуп кантип анын пистолетин жулуп алат
+2
Muzik
2018-09-06 18:02:55
Жашоо кыйын деп чет жерде журосуздор,Аман Эсен ден-соолукта журунуздор ылайым,бирок азыр жашоо кыйын эмес,кыйын учур 90-жылдан2005-жылдарга чейин болгон,азыр особняк салсам,кантип джип алсам,кошунам бай неге мен байысам болбойт деп журушот копчулук,Кр да азыраак айлык болсо да жумуш толтура туугандар,90-жылдардан кийин бироо акча толоп бере турган жумуш жок эле го,азыр эч ким буудай эгип,тегирменге буудай тарттырып жебейсинер,кийиминер бутун,деги койчу шугур кылганды уйронолучу болгону.
+3
Aigerim.baxa
2018-09-06 18:21:25
Чет жерде ичкендер кобойду бул чындык.
КFC ге кирсен коросун аял эркеги жашы каарысы дебей Пиво (Сыра) ичкенин крылышкиге кошуп. Чет жерге иштегени келгенден кийин тырышып иштеп кетели да
+2
Altysha89
2018-09-06 20:58:40
Тооба суйлойт десе тилинерди болушунча агытасынар . Акталып чыксын аман эсен . Ботон эл ботон жерде журобуз туура , иштеп бирибиз эки болсун деп. Ичсеэле куноолоп жатып калыш керекби . Кылбаган ишти кантип моюнуна илишет. Биздин кээбирки озумчул инсандарга караганда ак кулактар жакшы комментарий берип жатышат. Ошолорчо жоксунарбы ???? Эсен аман акталып чыксын.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан