Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусовго издөө жарыяланды. Бул тууралуу SUPER.KGʹге Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (Каржы полициясы) басма сөз катчысы Анастасия Пискур кабарлады.
Маалым болгондой, Жунусовго "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айып тагылып, анын өлкө казынасына 166 миллион сомдон ашык зыян келтиргени аныкталган.
"Ал 2013-жылдан 2016-жылга чейин Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын милдетин аткарып турганда бир катар мыйзамдарды бузуп, өлкөгө товар ташып келген "А." ишканасына мыйзамсыз уруксат кагаз берип, аталган ишканага бажы төлөмдөрүн төлөөдө жеңилдиктерди түзүп берген.
Азыркы убакта ал тергөө органдарынан жашынып, тергөө ишин объективдүү жүргүзүүгө тоскоолдук кылып жатат. Ошондой эле ал кылган иш өзгөчө оор кылмыштын түрүнө кирет", - деди Пискур.
Каржы полициясынын билдиришинче, ушул жылдын 28-августунда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан Адамкул Жунусовду камакка алуу чарасы тандалып, ага издөө жарыяланган.