Ырчы Батма Султанованын “Байыркы жол” аттуу жаңы ыры жарык көрдү. Ырдын сөзү Шахзада Абсаматовага, обону аткаруучунун өзүнө таандык. Ырчынын айтымында, аталган ырда бардык тематика камтылган. “Ырда байыркы жолдун өлбөстүгү, адамзаттын даанышмандыгы тууралуу жана башка ар тараптуу тематикалар баяндалат”,- дейт ырчы айым. Белгилей кетсек, Батма Султанова буга чейин кыргыз эстрадасында Фатима Султанова деген ат менен белгилүү болчу. “Бир аз тыныгуудан кийин ушундай өзгөрүү менен чыгайын деп чечтим”,- дейт ал.