Бишкек жана Ош шаарында жаратылыш газын берүү үзгүлтүккө учурайт

Ошто жана Бишкекте жаратылыш газын берүү үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкектин жана Ош шаарынын айрым райондорунда оңдоо иштерине байланыштуу жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат.

Газ өчүрүлө турган аймактар:

- 7-сентябрь күнү Ош шаарындагы Фергана көчөсү;

- 10-сентябрдан 12-сентябрга чейин Бишкек шаарындагы Сүйүмбаев, Чүй, Лермонтов көчөлөрүндө, Чыгыш-5, Аламүдүн-1, Куруучулар шаарчасы, Энергетиктер шаарчасы райондорунда, Лебединовка айылында, ЖЭБде, "Бишкек Темир" ишканасында, Чүй кең көчөсү жана Чолпон-Ата көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан унаа жуучу жайда.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан