Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскулов Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаевди "Каарман" төш белгиси менен сыйлады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Рыспаев Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу тармагынын өнүгүүсүнө кошкон маанилүү салымы үчүн төш белги менен сыйланды. Ал Жогорку Кеңештеги Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы.
29-августта Кожобек Рыспаев КСДПнын тизмесинен чыгарылган. Рыспаев өзүнүн партиядан чыгарылганына анын мүчөлөрүн колдобой койгону себеп болду деген оюн айткан.