SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Сиз сүйүп калуудан коркосузбу?" деген тема талкууга алынган.
Автор: "Салам, достор? Бул жашоодо, кимдин башына сүйүү келип, сүйүүнүн бар экенин сезип, билген адам бактылуу деп коёт. Бирок мен сүйүп калуудан корком. Себеби акыркы кезде сүйүү менен кыйналгандар арабызда көп. Сүйүү айттырбай келет дешет? Биз коркуп, жашынсак деле, ал өзү каалаган убакта сурабай келип алышы мүмкүн. Бирок сүйүү ар качан бакыт алып келе бербейт же дайыма эле кайгы алып келбейт. Ким сүйүп калуудан коркот же сактанат? Же жүрөгүн аяйт" деген билдирүүсүн калтырган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
- "Сүйүүдөн коркпойм, бирок сезимимди, жүрөгүмдү таш боор, сезимсиз, үмүтсүз адамга капысынан арноодон корком. Башкача айтканда, ушундай адамды сүйүп калуудан корком".
- "Мен сүйүп калуудан коркпойм, бирөөнүн алдында алсыз болуп калуудан корком. Сүйүүдөн корком, эгер ал нерсеге татыксыз жан болсо, жоопсуз сүйүүдөн корком, дегеле бирөөгө байлангандан корком. Эгер сүйүү эки жактан тең болсо, ал кандай сонун".
- "Көпчүлүк учурда сүйүүнү башынан өткөргөн адам коркот болуш керек. Сүйгөнүнө жетпей калса же мамилеси туура келбей эки жолго түшкөн. Кыскасы, сүйүүнү башынан өткөргөн адамдар кайра сүйүүгө кабылуудан корксо керек. Эми ар кимдин табиятынан..."
- "Сүйүп калуудан коркпойм. Коркуп калуу ойго да келген эмес. Сүйгөн адамым мени сүйбөй калышынан да коркпойм. Болгону сүйгөнүмдү сүйбөй калуудан корком!"
- "Коркпойм, мен жүрөгүмдү ар дайым акылым менен башкарам, сөзүмө бекеммин, эгерде мен ар дайым сени менен болом деп сөз берип койсом, акырына чейин болом, жакшы көрбөсөм дагы... Жакпайт ушул сапатым өзүмө".
- "Мен корком сүйүп калуудан. Ушундай коркуу сезими менен жашай берип көнүп да калдым. Бирөөнү сүйүп калбаш үчүн тырышып аракет кылып жатсаң туура эмес түшүнгөндөрдүн сөзүчү "сен эмне "көгүшсүңбү?" дешип... Сүйүп калсаң жүрөк оору башталат да, жылуу кийиндиби, ооруган жокпу, эч ким таарынткан жок бекен деп санааң санга бөлүнөт".
- "Сүйүп калуудан да, сүйгөнүм мени сүйбөй калуусунан да корком... Кыскасы жүрөгүм мизилдеп калган сүйүүдөн. Жүрөгүм дагы деле айыга элек. Жактыруу миң жолу келет, сүйүү бир жолу эле келет дешет..."
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.