"Манас" эпосу Түштүк Кореяда жарыкка чыкты. Корей тилинде басылып чыккан эпостун бет ачары 7-сентябрь күнү Кванжу шаарында Маданият, спорт жана туризм министрлигинин алдындагы "Азия маданияты" борборунда өтөт. Ошондой эле анда "Манас" спектакли көрсөтүлөт.
Иш-чарага Кыргыз мамлекетинин Түштүк Кореядагы элчилигинин, Жогорку Кеңештин, Улуттук илимдер академиясынын, Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинин, Улуттук китепкананын өкүлдөрү жана манасчы Рысбай Исаков катышат.
Иш-чара элчиликтин чоң колдоосу аркылуу "Азия маданияты" борбору тарабынан уюштурулуп жатат. Жаңы басылып чыккан "Манас" эпосу бет ачардан кийин 30-декабрга чейин көргөзмөдө турат.