Кара-Көлдө сууга түшүп кеткен 3 жашар баланы издөө иштери улантылууда

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында 3 жашар бала сууга түшүп кетип, аны издөө иштери улантылып жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 5-сентябрь күнү Көк-Бел айылындагы Кара-Суу суусуна 3 жашар бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Маалымат түшөрү менен издөө иштери жүргүзүлүп, натыйжа болгон эмес.

Бүгүн, 6-сентябрда издөө иштерине ӨКМнын Кара-Көл шаардык №94-өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 11 куткаруучу жана ИИМдин кызматкерлери тартылган. Дагы кошумча маалымат берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aerforce
2018-09-06 20:02:00
Эх жаман болуптур баякы Кара көлдө жоголгон бала эмне болду экен? Супер инфо маалымат алып койгулачы
+1
DNurgiza
2018-09-07 08:41:04
aerforce, ал ошол боюнча дайыны жок, табылбай калды.
Кудай сактаа, ким болду экен?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан