Ырчы Асема “Туулган жерди сагынуу” аттуу ырына клип тарттырды. Аталган ырдын сөзү, обону Атайбек Бөдөшовго таандык. “Клипте шаар турмушунан чарчап, айылын сагынган кыздын сагынычы көрсөтүлөт”,- дейт Асема. Клип тарттыруу иштерине 1500 доллар каражат жумшалгандыгын кошумчалады ал.