Жогорку Кеӊештин төрагасынын орун басары Асел Кодуранова Улуу Британия парламентинин Лорддор палатасынын депутаты, баронесса Вивиен Стерн менен жолугушуп, эки өлкөнүн парламенттер аралык байланышын андан ары чыӊдоо жаатында пикир алышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууга Кыргыз тараптан депутат Наталья Никитенко менен Улуу Британиянын Кыргыз мамлекетиндеги атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Робин Орд-Смит катышты.
Вице-спикер Асел Кодуранова ушул тапта Кыргыз өлкөсү менен Улуу Британиянын ортосундагы саясий, экономикалык, соода-сатык кызматташтыгы жигердүү өнүгүп жатканын белгиледи.
Ал эми баронесса Вивиен Стерн азыркы учурда жүрүп жаткан III Дүйнөлүк көчмөндөр оюну жогорку деӊгээлде уюштурулганына өзү күбө болгонун, ага Улуу Британиянын өкүлдөрү алгачкы жолу катышып жатканын айтты.
Мындан тышкары баронесса Улуу Британия Кыргыз мамлекети менен кызматташтык мамилелерин чыӊдоого, анын ичинде парламенттер аралык байланыштарды кеӊейтүүгө кызыкдар экенин айтты.