Орусияда ондогон Кыргыз жарандары полиция кызматкерлери тарабынан кармалып, кайра коё берилди

Орусияда полиция кызматкерлери 30га жакын Кыргыз жаранын кармап кеткенине байланыштуу аларга Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги укуктук жардам көрсөттү. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 9 адамга миграциялык мыйзамдарды бузганы үчүн айып салынып, калганы коё берилген.

Орусиядагы дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкери Кыргыз жарандары кармалып турган жерге барып, сүйлөшүүлөр жүрдү.

Элчилик ар бир аталган шаарга барган жарандар өздөрү жашаган аймагында каттоого туруп, документтерин өз колу менен тапшыруусу керек экенин эскерткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kolyn
2018-09-07 10:12:21
Кээ бирөөлөр регистрациясы срогу түгөп границага кирди-чыкты кылбай жүрө беришет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан