Мусулмандык парзын аткаруу үчүн ажылык сапарга кеткен мекендештер өлкөгө келе баштады. Алардын катарында Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун тургундары да бар. Аталган аймакта Меккеге барып, зыярат кылып келген ажыларды тосуп алуу үчүн өзгөчө ырым колдонулат. Бул тууралуу аталган айылдын тургуну SUPER.KG порталына айтып берди.
"Бизде ажылык сапардан келген адамдарды тосуп алуу үчүн сөзсүз түрдө көчөгө килем салынат. Аны айылда жашаган кошуна-колоң, тууган-уруктар "ажылар баскан жолду биз да басалы" деп көтөрүп келишет. Ажылар басып өткөн соң кайра чогултуп алышат. Бул салт эмес, болгону буга чейин Ыйык Меккеге аз гана адамдар бара алышчу. Андыктан каалагандар өз эрки менен жаңы килемдерин көтөрүп келип, алардын алдына салып, тосуп алышчу. Азыр ажылыкка баргандар көбөйгөнү менен, жерге килем төшөө токтоп калган жок. Болгону мурункуга салыштырмалуу бир аз азайды", - дейт ал.
Ошондой эле кечээ, 6-сентябрда айылдаштары ажыдан келгенин айтып, аны тосуп алуу учурундагы сүрөттөрдү жиберген.