Бүгүн, 7-сентябрда Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскулов кызматтан берген арызына ылайык бошотулду.
Ал SUPER.KG порталына өз каалоосу менен кызматтан кеткенине эмне себеп болгонун түшүндүрдү. "Өзүмдү башка тармакта сынап көрөйүн деп жатам. Кызматтан кетүүнү бир күндө эле чечкен жокмун, жакшылап ойлонуп чечим кабыл алдым. Алдыда эс алып, ден соолугумду чыңдайм деген пландарым бар", - деди ал.
Айрым булактар Рыскуловдун кызматтан кетишин Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаевге "Каарман" төш белгисин бергенине байланыштырып жазышууда.
Уланбек Рыскуловдун кызматтан кетишине Рыспаевдин тиешеси жоктугун айтты. "Кожобек Рыспаев өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу тармагынын өнүгүүсүнө салымын кошкон. Төш белги менен сыйлоо боюнча буйрук июнь айында эле чыккан. Бирок кечээ, 6-сентябрь күнү ыйгарылды. Менин кызматтан кетишиме Рыспаевдин тиешеси жок", - деди Рыскулов.
29-августта Кожобек Рыспаев КСДПнын тизмесинен чыгарылган. Рыспаев өзүнүн партиядан чыгарылганына анын мүчөлөрүн колдобой койгону себеп болду деген оюн айткан.