SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Турмушум бузулуп калды окшойт" деген тема талкууга алынган.
Автор: "Мен бир үйдүн эң кенже кызымын. Ал аз келгенсип жолдошум да үйдүн кичүүсү. Турмуш курганыбызга төрт жыл болсо дагы балалуу боло элекпиз. Барбаган жагыбыз, кылбаган аракетибиз калган жок. Бирок биздин ортобузда бала жок деп жолдошум экөөбүз урушкан жокпуз. Биздин көйгөйүбүз кайнежелеримдин биздин турмушубузга аралаша бергени болду. Кайненем келиндерин кыздарына ушактап жаман көрсөтөт. Мен алардын көп кылыктарына чыдап жашап келдим. Аларга жасаган мамилемден, жасаган жумушумдан кынтык таба алышпайт. Бирок күндөрдүн биринде бир кайнежем телефон чалып мага кыйкырып, үйдөн кетишимди талап кылды. Мен нес абалда эле жумуштан үйгө келдим, жолдошум ал күнү үйдө жок болгондуктан, аны эртең мененкиге чейин күттүм. Ал келгенден кийин мени таксиге салып койду. Ошентип биздин кичинекей мамлекетибиз бузулуу алдында турат. Жолдошум сени кайра үйгө алып келсем тигилер жаман көрөт, тынч жашай албайсың дейт. Ошолордун айынан биздин жашоо эки ажырым жолго түшүүдө. Күйөөм чечкиндүү болбогондуктан, алар биздин жашоого аралашып алышкан. Эмне кыларыбызды билбейбиз, эжелеринен корккондуктан мени менен да сүйлөшө албайт" деген билдирүүсүн калтырган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
- "Чечкинсиздик эң жаман да. Андан дагы бир тууганын (же баласын) келинден кызгангандар тойгузат го адамды. Сизге сабыр берсин! Турмушуңуз бузулган жок, күйөөңүз сизди ошол жол менен коргоп атат. Сиз ал менен мамилени үзбөңүз. Керек болсо үйүңүзгө (төркүн жакка) чакырып туруңуз".
- "Жогорудагыларга кошулам, өз үй бүлөсүн жана эмне кылууну ажылдаган эже-карындаштар эмес, эркек чечип, эркек башкаруусу керек. Дагы ким билсин, бул жерге тема ачкандар үй-бүлөсүн жамандап өздөрүн аппак кылып көрсөтүшөт. Чындык ким тарапта экенин бир Кудай билсе керек".
- "Телефон чалып сүйлөшүп турууга да кудурети жетпесе билбейм анда... Сизди үйдөн сүйрөп чыгарып коюшкандыгынын себеби балалуу боло албастыгыңар элеби? Канча жыл болду турмуш кургандыгыңыздарга? Мындай жүрүш менен жолдошуңуздун башын башкага байлап коюшат го бат эле..."
- "Кайнежелериңди да туура түшүн. Иниси теңдүүлөр бапырап бала багып жүргөнүн көрүп, бир тууганынын баласы жок экендигин көрүп ичи күйөт. Мисалы, сенин деле бир тууганың балалуу боло албай жүрсө кандай абалда болосуң? Алар дагы мунун баарын сени жаман көргөнүнөн эмес, бир тууганы үчүн жасап жатат. Эптеп урушуп кетиргени да туура, анан эмне садагаң болоюн бул үйдөн жогол демек беле?! Жашоо алдыда. Балалуу боло албаганыңардын себеби кимиңерде?"
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.