SUPER TV: Жан дүйнө. "Күйөөмө эрегишип көңүлдөш таап алдым"

Сүйүү, күтүү, табышуу, ажырашуу, кайгы жана бакыт... Так ушул сезимдер, турмуштан алынган жүрөк сырлары SUPER TV'нын "Жан дүйнө" долбоорунда.

Каарман: "Акыркы убакта жүрөгүмдү ооруткан бир сырым бар. Турмушка чыкканыма 2 жыл болду. Кош бойлуумун, бирок күйөөмдөн эмес. Эми эмне кылам? Боюмдан алдырып салсамбы же төрөп алсамбы?" деген суроо түшүмдө да тынчтык бербейт. Менин кош бойлуу экенимди жолдошум да, көңүлдөшүм да, ата-энем да билбейт. Эгер жолдошум билсе, мени өлтүрүп коюудан кайтпайт. Күйөөм Алмаз мени ала качып үйлөнгөн. Менден бир жаш улуу. Анын ала көөдөн, каардуу жигит экенин угуп калчумун. Ошондуктан “кетем, отурбайм” деп көгөрүп туруп алдым. Бирок аракеч байкемден тил угуп жүрчүмүн, үйгө кайтып барып ал менен бирге жашагым келген жок. Айла жок отуруп калдым.

Башында ынтымактуу жашадык. “Эми эч жакка кете албайт” дедиби, билбейм, Алмаз күндө ар кандай өнөрлөрүн көрсөтө баштады. Мени басынтып, сөгүп, ал тургай кол көтөрө турган да болду. Анысы аз келгенсип, көңүлдөш да күтө баштадыбы, баскан-турганы өзгөрдү. Күндө телефонуна бир эле номерден сүйүү каттары келет. “Бул ким?” деген суроомо “досум менин телефонумдан ушул номерге СМС жөнөткөн болчу” деп кутулат. Такып сураганымда “эмне, мага сот болуп калдыңбы?” деп жооп берет. Экөөбүздүн бир жаздыкка жатпай калганыбызга да көп болду. Ажырашып кетейин дейм, бирок “агамдын үйүнө кантип батам?” деп ойлонуп, чыдап жашап жүрөм. Ошондой күн кечирип жүргөнүмдө чыныгы сүйүүгө жолуктум. Уруш талаштан тажап, сейил бакка чыгып, эс алып жүргөм. Ошол жерден бир байке менен капысынан таанышып калдым. Ал ошол күнкү жолугушууда эле мени жылуу сөздөрү, аялзатына аяр жасаган мамилеси менен арбап алды. Экөөбүз телефон номерлерибизди алышып, күндө сүйлөшүп, кээде эбин таап жолугушчу да болдук. Эки жыл күйөөмдөн күтүп жүргөн мамилени андан таптым".

Окуяны толугу менен көрүү үчүн шилтеме аркылуу SUPER TV бөлүмүнө өтүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nevestkaa
2018-09-07 20:32:11
Аялы эрине,эри аялына кыянат кылганын зынааны көбүрөөк реклама кылгыла,жаштарга үлгү болосуңар....баракелдеее.Тарбия берчү темалардан чыгарсаңарчы.
+19
shergazy9
2018-09-08 00:48:37
Ушуга окшогонду окуп алсам уйлонгун да келбейт не кереги бар эле мындайды чыгарып
+4
joke81kg
2018-09-08 13:23:57
Биркун куйоон тутса озундуда ойношунду олтурот анан баарынан кутуласын
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан