Орусия өкмөтү курулуш тармагында иштеген мигранттардын санына чектөө киргизүүнү сунуш кылууда

Орусиянын вице-премьер-министри Татьяна Голикова курулушта иштеген жалпы мигранттардын санына чектөө киргизүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Голикованын айтымында, өкмөт 2019-жылдан тарта курулушта иштеген чет өлкөлүктөрдүн санына чектөө киргизүүнү демилгелеп жатат. Жаңы сунушка ылайык, курулуш компанияларында иштеген сырттан барган мигранттардын саны жалпы жумушчулардын 80 пайызынан ашпашы керек. Бул чектөө Москва, Хабаровск жана Амур облустарынан башка аймактарга киргизилет.

Татьяна Голикова аталган мыйзам долбоору менен учурда тийиштүү мекемелер таанышып, макулдашуу иштери жүрүп жатканын белгилейт. Ошондой эле "Росстат" мекемесинин маалыматына таянуу менен курулуш тармагында 6 миллион 300 миң адам иштээрин белгилеп, алардын канчасы мигранттар экенин так айткан эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Pandora
2018-09-08 12:17:13
Озунор кыйратып иштебейсинер же башка бироо иштеп жатса мумкунчулук бербей,коро албайсынар!!! Макул ошентип коргуло озунор сааты менен игтеп,минутасы менен перекур кылып сыгарет чегип журсонор,бир жылда бутчуу нерсе 3жылда бутот.
+7
dastan.bujun
2018-09-08 14:17:20
Орустар эч качан стройкада иштебейт.
Иштесе да эч жака ишке кире албаган совершенно алкаш болуп калгандары же турмодон чыккандары кароче ушул сыяктуулар иштейт.
Кантип анан ошолор бетон ташып иштейт
0
nemo2016
2018-09-08 20:32:29
Баш оору болот турбайбы дагы
0
mirlanpiter
2018-09-08 22:12:48
Пенсионерлерди стройкага иштетебиз деп атышат ,жаш курагын көтөрүп коюшуп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан