III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөрүлгөн этно фестивалга 4 күндө 150 миңден ашуун киши барган. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда Кыргыз Республикасынын биринчи вице-примьер-министри Кубатбек Боронов маалымат жыйында билдирди.
Маалымат жыйында 3-сентябрдан 6-сентябрга чейин Кырчын жайлоосунда өткөн этно фестивалга 150 миңден ашуун киши баргандыгы айтылды. Алардын арасында көрүүчүлөр жана фестивалдын катышуучулары бар. Ошондой эле этно фестивалда ар кайсы мамлекеттин кол өнөрчүлөрү өздөрүнүн эмгектерин көрсөткөнүн кошумчалады.
Мындан тышкары Кубатбек Боронов Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземинде өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков кийинки көчмөндөр оюндарын уюштуруучу Түркия мамлекетинин өкүлдөрүнө эстафетаны өткөрүп берерин билдирди. Эстафетаны өткөрүп берүү аземи дагы өзгөчөлүктөр менен коштолот, тактап айтканда, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын символу мөңгү суусу болот. Суу атайын булактан алынып келинери айтылды.