Бүгүн, 8-сентябрь III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Чолпон-Ата шаарында Улуу көчмөн күрөшү боюнча мелдеш өттү. Балбандардын кармашы төкмө акындардын айтышы менен башталып, оюн кызуу жүрдү.
Баш байгеге алтын үзөңгүсү бар аргымак, 1 миллион сом акча жана чемпиондук кур берилди. Бул байгенин ээси орусиялык балбан Айдын Монгуш болду.