ЭЛДИК КАБАР: "Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымы Анталиядагы жаңы ачылган паркка ыйгарылды" дейт окурман

"ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына окурман "Чыңгыз Айтматовдун ысымы Анталия шаарындагы жаңы ачылган паркка ыйгарылды" деген билдирүүсүн жөнөткөн.

"8-сентябрда Түркиянын Анталия шаарында жаңы парк ачылып, ал залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов атындагы парк деп аталды. Мындай демилгени 1 ай мурун "Анталиядагы айымдар коомунун" кызматкерлери көтөрүп чыккан. Анталия шаардык мэриясы бул демилгени колдоп, парк ачууну колго алган. 1 ай аралыгында бүткөрүлгөн эс алуу багынын жабык ачылышы 8-сентябрда болуп өттү. Ага шаар мэриясынын мүдүрү Үмит Уйсал, "Анталия айымдар коомунун" жетекчиси Периза Асаналиева жана анын жардамчысы Назира Эрдгоан катышты. Парк сентябрдын аягында колдонууга берилет. Мындан тышкары 31-августта Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн жана Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилегенбиз. Иш-чарага Аскар Айтматов, продюсер Ассоль Молдокматова атайын келип, салтанатыбыздын коногу болуп кетишкен", - дейт "Анталия айымдар коомунун" Кыргыз өлкөсүндөгү өкүлү.

Ошондой эле Анталияда Чыңгыз Айтматовдун портреттеринин, чыгармаларынын негизинде тартылган сүрөт көргөзмөсү өткөрүлүп, ал 15-сентябрга чейин уланарын кошумчалады.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан