Жалал-Абадда жер көчтү

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Чкалов айылында жер көчтү. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган аймакта 7 миң куб жер көчкү түшкөндүгү аныкталып, 1 турак жайга кооптуулук жаралган. Аталган үй-бүлө жергиликтүү бийлик тарабынан берилген эскертүүнүн негизинде көчүрүлгөн.

"Көчкү түшкөн аймактын айланасында 250 метр узундукта 20-25 сантиметр жаракалар бар экени аныкталып, жергиликтүү тургундардын жер көчкү боюнча кооптуулукту алдын алуу жана кооптуулук жараткан жайыт жерлерге мал багууга, эгин экпөөгө (жер айдабоого) тоют жыйнабоо боюнча жергиликтүү бийликке эскертүү берилди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан