Менин жерим: Жылкы дээрлик багылбаган, дары суулары бар Кайыңды айылы тууралуу баян (видео)

Тектеш кабарлар: Менин жерим (55 материал)

Менин жерим рубрикасынын кезектеги чыгарылышында Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Кайыңды айылы жөнүндө кеп болмочу. Тоо коюнундагы айыл тууралуу жергиликтүү тургуну Байзак Жайнак уулу баяндап берет.


Деңиз деңгээлинен 2 000 метр бийиктикте жайгашкан Кайыңды айылы Баткен районуна караштуу Дара айыл аймагынын курамына кирет. Айылда ФАП, Маданият үйү, бала бакча, мектеп, аксакалдар үйү жана 3 мечит бар. Мындан тышкары жаңы мектеп менен кичи футбол аянтчасынын курулушу аяктоо алдында турат. Калкынын саны 1080 киши.

"Жайыттын тардыгынан мал чарбачылыгы анча өнүккөн эмес", - деген айыл тургуну элет элинин турмушун төмөнкүчө баяндайт.

"Айыл эли майда жандыкка басым жасап, кой-эчкини көп багышат. Ал эми төрт түлүк малдан жылкы дээрлик багылбайт. Кышы алты айга созулгандыктан жана жайыттын тардыгынан мал багуу кыйын. Мындан тышкары жергиликтүү эл дыйканчылык менен дагы алектенип, картошка, жүгөрү жана кара тамекини көп эгет. Бирок айдоо аянтынын аздыгы дыйканчылык кылууга дагы тоскоолдуктарды жаратууда. Андыктан айыл элинин негизги киреше булагы катары кара тамекиге басым жасалып, көп айдалат".

"Эң негизгиси айылыбыз жапайы жаратылышы менен өзгөчөлөнгөн кооз айыл. Эс алуу үчүн келгендердин саны жылына арбып бара жатат десем жаңылышпайм. Биздин жеке ишкерибиз тарабынан "Дары булак" эс алуу жайы жана окуучулар үчүн жайкы лагерь уюштурулуп, конокторду кабыл алууда. Бир гана өкүнүчтүүсү - жол маселеси. Чындыгында тоолуу аймакта жайгашып, 270 түтүн жашаган кичинекей айылыбыздын жолуна көңүл бурулбай жатат. Андыктан элеттиктер чогулуп ашар жолу менен жолубузду оңдоп турабыз. Эгерде жолубуз оңдолуп, асфальт төшөлгөндө айылыбыз мыкты туристик аймакка айланмак деп ойлойм. Көпчүлүктү кызыктырган арчалуу токою, дары суулары ички жана тышкы туризмдин агымын тартмак", - дейт Байзак ага.

Кайыңды айылы 06.05.24

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан