"Соңку кабар" бөлүмүнүн "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына окурман үрөй учурган билдирүү жөнөттү. Анда ал "Ош шаарындагы Южный кичи районунда топтошкон балдар 6 кызды сабады. Алардын бири каза болуп калды окшойт" дейт.
"Окуя 8-сентябрдан 9-сентябрга караган түнү саат 2:00 чамасында болду. Анда көчөдө 7-8 бала топтолуп 6 кызды ур-тепкиге алып жатыптыр, байкашымча студенттер окшойт. Балдар 2 кызды аябай тепкиледи. Кыздардын "коё бериңизчи" дегенине карабай сабап жатты. Алардын бири жерге жатып калганда бутунан кармап алып ары-бери сүйрөштү. Ал кыз кыймылсыз жатып калды, балким, эсин жоготту же каза болуп калдыбы, билбейм. Андан кийин экинчи кыз дагы эсин жоготуп жыгылды. Балдар башка кыздарды дагы сабап жатышты. 2 кыз качып кетүүгө үлгүрдү. Окуяны көрөрүм менен райондук ички иштер бөлүмүнө кабарладым. Бирок милиция кызматкерлери 30 мүнөттөн кийин келди. Алардын келе жатканын көргөн балдар качып кетишти", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.