2019-жылы Өзбекстанда көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш өтөрү анык эмес

2019-жылы Өзбекстанда көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш өтөрү так белгилүү боло элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин алдындагы улуттук спорт түрлөрү бөлүмүнүн жетекчиси Токсонбай Асанов билдирди.

"Биздин көк бөрү федерациясынын президенти менен Өзбекстандын өкүлүнүн ортосунда оозеки сүйлөшүү жүрдү. Бирок 2019-жылы Өзбекстанда көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш өтөт деп так айтуу азырынча эрте, ортодо расмий сүйлөшүүлөр, документке байланыштуу бир топ иштер аткарылышы керек. Ошондой эле бул маселени Кыргыз өлкөсү менен эле Өзбекстан чечип койбойт, көк бөрү ойногон башка өлкөлөр да өз сунуштары менен кайрылышы керек. Алдыда дагы бир нече тактоочу маселелер арбын", - деди Асанов.

Буга чейин жергиликтүү басылмалар 2019-жылы Өзбекстанда көк бөрү боюнча Дүйнө биринчилиги өтөрүн жазып чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Akshumkar
2018-09-09 16:32:34
Кок Боруну даназалаш керек дуйнолук аренага алып чыгышыбыз керек
+7
admin_superstan
2018-09-10 13:08:26
Kylychisa,
Жалаң баш тамга менен жазууга болбойт! Билдирүүңүз өчүрүлдү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан