Орусиянын Санкт-Петербург шаарында көп кабаттуу үйдүн балконунан 7 жаштагы кыз куткарылды. Ал кыргыз жараны болгонун орус маалымат булактары жазып чыкты.
Маалым болгондой, окуя 8-сентябрда Санкт-Петербург шаарынын Фрунзе районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон. Полиция кызматкерлерине жергиликтүү тургундар тарабынан маалымат келип түшкөн. Анда кичинкекей кыз балконго чыгып, апасын чакырып ыйлап жатканы кабарланган.
Жерине полиция кызматкерлери барып 7 жаштагы Захира аттуу кызды балкондон алып түшүп, полиция бөлүмүнө, андан кийин 5-шаардык балдар ооруканасына алып барган. Көп убакыт өтпөй эле Захираны алып кетүү үчүн 26 жаштагы келин келген. Ал Захиранын күбөлүгүн көрсөтүп, өзүн апасымын деп тааныштырган. Ошондой эле 26 жаштагы келин кызы менен туугандарынын үйүндө жашай турганын билдирген. Ал эми 7 жаштагы кыз апасы аны жалгыз таштап кеткенине ыза болуп балконго чыгып ыйлаганын билдирген.