Бишкекте бала сатууга шектелип кармалган гинекологдун бири №1-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда иштеп келген. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин консультанты Елена Баялинова билдирди.
Маалыматка ылайык, бала сатууга шектелип кармалган гинекологдордун бири Бишкектеги №1-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкери. Бирок ал буга чейин башка менчик клиникаларда да иштеп келген.
"Бала сатуу фактысы №1-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда болгонбу же менчик клиникадабы азырынча белгисиз. Учурда териштирүү иштери улантылып жатат", - деп билдирген Баялинова.
Эске салсак, милиция кызматкерлери тарабынан 7-сентябрь күнү Бишкектеги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун гинекологдору бала сатууга шектелип кармалган.