Менин жерим: Даамы тамшанткан алмасы менен таанылган Жар-Коргон айылы

SUPER.KG порталы сиздин айылыңыз тууралуу кызыктуу баяндаманы чагылдырууга даяр. Сиз жашаган айылда же шаарда кооз жаратылыш, тарыхый баалуу жай, өнөрлүү адамдар барбы? Балким эл уга элек, көрө элек көп кызыктар сиздин айылыңызда бар чыгар. Аны бардык окурмандарга бөлүшүүнү, жумурай журтка жарыялоону сунуш кылабыз.

"Менин жерим" рубрикасынын кезектеги чыгарылышында Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Жар-Коргон айылы тууралуу сөз болот. Аталган айыл өзүнүн көз жоосун алган кооздугу, климатынын жумшактыгы менен айырмаланат. Өзүнүн туулуп өскөн айылы тууралуу бизге Адилет Каныбек уулу айтып берди.

"Жар-Коргон айылы Ноокат районунун тоолуу айылдарына кирет. Айылыбыз райондун борборунан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан. Айыл жайкысын салкын, кышкысын жылуу. Жар-Коргон деп аталып калышынын да себеби бар. Айылдын тоолорунда жарлардан коргон бар. Чоң аталарыбыздын айтымына караганда, ошол жарлар коргонго окшош болгондуктан айыл Жар-Коргон деп аталып калган", - дейт ал.

Айыл тургунунун айтымында, Жар-Коргон суунун башы болгондуктан кеч күзгө чейин айыл жашыл түскө боёлуп турат. Бийик тоолордон агып түшкөн мөлтүр булактын суусу жайы-кышы токтобойт.

"Айылда 600-700гө жакын түтүн, 5 миңге жакын калк жашайт. Элибиз негизинен жер иштетип, мал кармап күн кечиришет. Жеке ишкерлик менен алек болгондор да жок эмес. Айылдын эли ыймандуу, ынтымактуу. 2018-жылдын башталышы менен Жар-Коргондун жаштары өздөрү демилге көтөрүп, каражат топтоп, айылдын көчөлөрүнө жарык коюп, мурдагы тар жолду кеңейтип, айылды жашылдандыруу иштерин жүргүзүштү. Айылдын кире беришине жаркыраган арка курулду", - деп билдирди айыл тургуну.

Мындан сырткары айыл тургундары муундарга бөлүнүп футбол, волейбол боюнча ар кандай мелдештерди өткөрүп турушат. Спорттук иш-чаралар кийинки өсүп келе жаткан жаштарды сергек жана дени сак жашоого үндөө, айыл тургундарынын ынтымагын бекемдөө үчүн уюштурулат.

Ар кандай мөмө-жемиштерди өстүрүп жыл бою талыкпай эмгектенген Каныбек Токторовдун бакчасын ар бир айыл тургуну билет. Бул бакчада алма, алмуруттун бир нече түрү, гилас, кожогат жана башка мөмө-жемиштер өстүрүлөт.

Каныбек Токторовдун айтымында, эгерде адам бардык күчүн жумшап эмгектенсе, эмгегинин акыбети сөзсүз түрдө кайтат.

"Элет жеринде жашагандыктан мал багып, жер иштетүү менен алекпиз. Жыл бою кылган эмгегибиздин үзүрүн берекелүү күздө көрөбүз. Короодон жыйнап алган түшүмүбүздүн кайсы бир бөлүгүн жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө сатып, үй-бүлөбүздүн кем-каржысын толуктасак, калган бөлүгүн туугандарга берип, андан соң кышка сактап коёбуз", - дейт Токторов.

Урматтуу окурман, сиз да айылыңыз тууралуу сыймыктанып айтып бергиңиз келеби? Анда SUPER.KG порталына +996 557 473 939 номерине WhatsApp аркылуу маалымат, сүрөт, видео жөнөтүңүз.

Ар бир айыл атак-даңкка татыктуу!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Jin1209
2018-09-10 16:55:17
Ошентип эле аркет кылып иштеп айылды онуктурсо болот. Алтынказык тоолорум аябай жакшы кором Федоровтон салам
0
-Sumitra-
2018-09-11 23:07:08
Jin1209,Федоровдон атыныз ким)))
0
adanov
2018-09-11 00:18:00
Адилет менин уйуму да тартып кошуп койбойт белен аяш ака
0
-Sumitra-
2018-09-11 23:06:40
Оо Адилет.
0
belka
2018-09-12 11:07:04
Жар-Коргон десе балалыгым эске түшөт,абамын үйүнө барып каникулду Жар-Коргондо өткөрчүбүз. Жүрөгүмө өтө жакын айыл.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан