Майып кызды 60 жаштагы адам зордуктоого аракет жасады деген окуя боюнча экспертизанын жыйынтыгы чыкты

Буга чейин SUPER.KG порталына Ноокат районундагы Темир-Корук айылынын тургуну Айкелсин Шерматова кайрылып, анын ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 30 жаштагы сиңдисин 60 жаштагы коңшусу зордуктоого аракет кылган деп билдирген. Бул боюнча ал милицияга кайрылып, экспертиза дайындалганын айтып берген.

"Биз баарыбыз жумушка кеткенде сиңдим жалгыз калган эле. Ошол учурда ал киши үйгө келип, сиңдимди зордуктоого аракет жасаптыр. Муну сиңдим өзү апам экөөбүзгө айтып берди", - деген ал. Өз кезинде зордуктоо аракеттерин көргөн деп күнөөлөнүп жаткан адамдын жакындары ал кыз сыртта тура албай жатып калганда жардам берүү үчүн барганын айтышкан.

Бул боюнча медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкканын күнөөлөнүп жаткан тургундун кызы кабарлады.

"Экспертизанын жыйынтыгы атамдын күнөөсүз экенин аныктады. Арыз берген тараптын дооматтары боюнча далилдер жетишсиз болгондуктан бул боюнча кылмыш иши козголбойт", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dembele84
2018-09-10 13:18:43
Кимисине ишеништи да билбейсин ...
+2
Tuke8686
2018-09-10 15:00:44
Олдуго бирин бири зордуктап атат олтуруп атат суздуруп жатат эмне болгон
Озу бизге
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан