Өкмөт тарабынан ойлоп табуучуларга 200 миң сом, адабият жана искусство өкүлдөрүнө 100 миң сом өлчөмүндө каражат берилет

Өкмөткө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы тарабынан ойлоп табуучуларга 200 миң, адабият жана искусство өкүлдөрүнө 100 миң сом акча каражаты берилет. Бул тууралуу ойлоп табуучулар, адабият жана искусство өкүлдөрү катышкан атайын мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда айтылды.

Кыргызпатенттин укук бөлүмүнүн башчысы Алия Аттокурованын берген маалыматына ылайык, бул долбоор интеллектуалдык менчик ээлерин шыктандыруу максатында ишке ашырылып жатат.

"Бул каражат интеллектуалдык менчик ээлери өзүнүн ойлоп тапкан буюмун же жазган чыгармасын каржылоо үчүн берилет. Каражат бөлүнүүчү жеке же юридикалык жактар атайын түзүлгөн комиссиянын жардамы менен тандалат. Акча каражатын алган тарап акчанын кандай сарптаганы боюнча отчёт бериши керек", - деди укук бөлүмүнүн башчысы.

Талкууга катышкан ойлоп табуучулар менен акын-жазуучулар да бул долбоор тууралуу өз пикирлерин билдирип, сунуштарын айтышты. Кыргызпатенттин статс-катчысы Талант Конокбаев сунуштар эске алына турганын белгилеп төмөндөгүлөрдү билдирди: "Талкууга катышкан ар бир кишинин пикири эске алынып, бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша канааттандырылат. Комиссия мүчөлөрү менен талапкерлердин ортосунда түз байланыш болбойт. Келип түшкөн материалдарга шифр коюлуп, автордун аты-жөнү жазылбайт. Комиссиянын катарында кимдер бар экени да авторлорго билдирилбейт".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
pat12
2018-09-10 13:45:49
Бизде билимдуу, чыгармачыл, онорлуу, эмгекчил адамдарды колдоп, таназалаш керек. Элге улгу боло турган адамдар бизде ушулар болуш керек. Ал эми Жээнбековдун мечит коп, мектеп аз ушуга суйунгуло деп отурганы, озунун денгеелинин томондугу. Мечитке барып азан кыйкырып, намаз окуп, сакал остургондордон улгу, ыйман алгыла дегени - бул ХХХХХХ Мечиттер араб, турк-дун идеялогиясын пропаганда кылып жатса, кантип ошол жактан ыйман издеш керек. Жэ мечитте баары толерантуу ыймандуу болуп кетиптирби?
0
pat12
2018-09-10 13:56:11
Жээнбеков мугалимдердин намысын тебелеп салды окшойт. Ошол чыгармачыл, онорлуу, билимдуу адамдар мектептерден чыгып жатса, Сокебиз молдолордун денгеелин, мугалимдердин денгеелинен жогору коюп койгону туура эмес. Сокенин оюнда мектептерде, билимдуу - ыймандуу мугалимдер же окучулар жок бекен? Же эмне ыймандуу болуш учун азан кыйкырып, сакал остуруп, диний ритуалдарды жасаш керек бекен? Ойлонуп суйлосо болмок.
+1
nuri1
2018-09-10 14:50:00
Динибиз менен мактанбай, билимибиз менен мактаналы, мечитибиз менен мактанбай, мектебибиз менен мактаналы, молдолорубуз менен мактанбай, окуучуларга Аа тамгасын уйроткон мугалимдерибиз менен мактаналык. Мечитке барып сырткы кебетебиз менен (сакал,хиджаб) жасалма ыймандуу корунбой, ички дуйнобуз, жасаган иштерибиз менен ыймандуу, толерантуу корунолуу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан