"Министр ооруканада текшерилип жатат". Депутаттар комитет жыйынына министрдин келбегенине нааразы болушту

Нурбек Мурашев."Статс-катчылар кесиптик суроолорго жооп бере албайт. Министр өзү келиши керек болчу". Мындай сынды депутат Руслан Казакбаев Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин жыйынында айтты.

Комитет жыйынында Сауд Арабиясынан Кыргыз мамлекетине социалдык долбоорлор үчүн 3 миллион 797 миң доллар грант бөлүү боюнча маселе талкууланууда. Анда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы Чүй облусуна карантиндик аймак курулары тууралуу жана башка ветеринария тармагына тийиштүү суроолорго жооп бергени үчүн сынга кабылды. Эл өкүлдөрү статс-катчылар кадр жана каржы маселелерине гана жооп бере аларын айтышты. Статс-катчы министр ооруканада текшерилип жатканы үчүн жыйынга келбей калганын билдирди.

Жыйынтыгында долбоордун концепциясы жактырылды. Маалыматка караганда, аталган долбоор ишке ашса Сауд Арабиясына этти экспорттоо жолго коюлат.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри болуп Нурбек Мурашев 2017-жылдан бери иштеп келүүдө.





РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Chungyz
2018-09-10 12:53:53
Депуттатар бекер акчаны болушо албай кыжалат болупсунарда
0
Dembele84
2018-09-10 13:08:54
Ушундай жыйындар болгондо же суракка чакырганда эле биздин атка минерлер ооруп кала беришет да.Бардык эле бийлик бутагына оорукчандар отурушабы не балээ?!Ошондон коро элдин акысын жеп жатканда ХХХХХХХХ кетсе суйунот элем)))
0
asman.81
2018-09-10 13:49:47
Оорукчандарды министирликте алып отура бербей,пенсияга чыгарып,айдагыла да.Канчалаган эл учун иштеп бере турган кыргыздын жигиттери толтура!
0
titanik32
2018-09-10 14:16:59
Мурашев ооруса калганыңар аман эле болгула. ХХХХХ ХХХХХ бир кичине микробко ооруп калдыбы. Ооруса дени карды соо иштей тиштей тургандар бар,мына ошолорду койгула.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан