Өлкөнүн жылытуу системин жаңылоо үчүн канча каражат керек болору айтылды

Өлкөдөгү жылуулук тармагын жаңылоо үчүн 500 миллион доллар керектелет. Бул тууралуу парламенттин тармактык комитетинин жыйынында Өкмөттүн Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Айтмамат Кадырбаев билдирди.

Ал учурда жылытуу системинин куурларынын 75 пайызынын эскилиги жеткенин айтты.

Өкмөт АРИС уюму менен биргеликте жылуулук тармагына 31 миллион доллар жумшамакчы. "15 миллион доллар грант түрүндө берилет. Анын 5 миллион доллары Нарын, Ош облустарынын аз камсыздалган үй-бүлөлөрүнө иштетилет. Жалпысынан 14 миң даана жылытуу мешин сатып алып беребиз. Бул боюнча тендер өткөрүлөт. Болжолдонгондон аз каражат жумшалса, мештердин санын көбөйтүшүбүз мүмкүн. Андан сырткары 7 облустан үчтөн бала бакча менен мектептин жылытуу системин жаңылап беребиз", - деди АРИСтин өкүлү.

Парламенттин бюджет жана финансы комитетинде Кыргыз мамлекети менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы каржылоо туурасындагы макулдашуу каралууда.





РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
almanbetperm
2018-09-10 13:30:13
Бир метр трубаны 100$дан алдык деп накладной толтурсанар анан
+3
asman.81
2018-09-10 13:47:35
Не болдунар дагы,катынынар Дубайга,балдарынарды чет мамлекетке бара албай,шылтоо менен дагы бир акча топтой коелу дединерби урматтуу жеп жутарлар.Силердин жыртыгынар бутолбой эле койду го.Же жаны маркадагы,машинага козунор туштубу?
+4
Jyrgal_msk
2018-09-10 14:28:42
Айтмамат ака чон креслого которулду.Эми акча берип баргандан кийин чыгашасын жаап алсын да.
+1
kechirmeni
2018-09-10 14:28:42
центральный отоплениеге улабай эле ар кимибиз озубузчо самодельный жасатып алат окшойбуз.
+2
neizvesnyi
2018-09-10 20:37:09
Бир гайканы 12 000 алдык десенер ушул жылытуу систамасынан да иштегендер да кыйла чонтоко уруп иштеп алсанар болот молодцы ишинерге ийгилик
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан