Бишкектеги "Бухара" кафесинен тыңшоочу аппарат табылгандыгы айтылды

Бишкектеги "Бухара" кафесинен тыңшоочу аппарат табылды. Бул тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөсү Гүлнара Журабаева билдирди.

"8-сентябрь күнү "Бухара" кафесине куран окутуу үчүн барганбыз. Ал жактагы столдордун бирине отурган учурда жерге түшүп калган диктофонду көрдүк. Отурган столдун астында скотч чапталыптыр. Демек, үн жаздыруучу аппарат скотч менен чапталып, бирок түшүп калган. Дароо кафенин администраторун чакырып, диктофонду көргөзсөк ал эч нерсе билбестигин айтты. Кафедеги видеобайкоону текшерип көрөлү десек, адистин жоктугуна байланыштуу текшерүү мүмкүн эмес экенин билдирди. Биз укук коргоо органдарына кайрылып, окуянын чоо-жайын түшүндүрүп, табылган аппаратты өткөрүп бердик. Алар бул ишти Коопсуздук кызматына өткөрүп беришиптир.

Мындай окуяга биринчи жолу туш келип жаткан жокпуз. Мындан бир-эки ай мурун да бизди сүрөткө тартып жаткан жарандарды байкап калып, Коопсуздук кызматына кайрылганыбызда, алар " сүрөткө тарткандардын аты-жөнүн тактай албай койдук" деп жооп беришкен", - деп билдирди Гүлнара Журабаева.

SUPER.KG порталы аталган кафенин администрациясынын билдирүүсүн угуп, жарыялоого даяр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Krai
2018-09-10 14:55:39
Кошуналардын кафеси го абайлаш керек алардан жөн жүрүшпөйт
+1
Artyr1994
2018-09-10 15:20:35
Ажап кылат, силерге жон койбойт да былык иштеринер бар болсо керек. Чекеден камаш керек силерди.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан