Тазабек Икрамов: "Дарыгерлерди кайрадан ант бердириш керек"

Тазабек Икрамов."Дарыгерлер кайрадан ант бериши керек". Мындай сунушту депутат Тазабек Икрамов парламенттин социалдык маселелер, билим берүү, илим жана маданият комитетинин жыйынында билдирди.

Ал дарыгерлер өз милдеттерин аткарбай жатат деген пикирде.

Депутаттар Алмазбек Токторов менен Гүлкан Молдобекова саламаттыкты сактоо тармагындагы кылмыштар үчүн кимдер жазага тартылганын сурады. "Жакында эле төрөтканадан ымыркай сатуу фактысы катталды. Ушул боюнча ким жооп берди?" - деп сурады Токторов.

Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев бул багытта атайын кызматтык иликтөө жүрүп жатканын айтты. "Буга чейинки кылмыштар боюнча укук коргоо органдары иш алып барышууда" деп жооп берди министр.

Гиппократ анты - бул ар бир дарыгер кызматка киришер алдында берилчү ант болуп эсептелинет. Алар туура, таза жана чын жүрөктөн иштөө боюнча аталган антты беришет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
suyor
2018-09-10 16:01:34
Жебейм деп ант берип коюп силер дагы олгучо жеп жатпайсынарбы, дарыгерлер дагы силердин бутагынар,
+4
Dalil
2018-09-10 16:16:38
suyor, азаматсың сөздүн ток этер жерин айтыпсын. :)
+4
jike
2018-09-10 16:43:55
Озунун башындагы тоону корбой буроонун башындагы чопту корот болуптурго биягы
0
Baatirbek81
2018-09-10 16:57:30
Ант деп эмне кыласыңар биринчи гимнди жакшылап жатапчыкыла.
+2
farsaj50
2018-09-10 17:21:02
Тоок меего бул депутат, ант берген мн эмне озгормок, журогу таза ниети туз болсо антсызда жакшы иштейт
+1
Ali-han
2018-09-10 18:31:51
Депутаттарды сындап комментарий жазгандарга 20минден 50минге чейин айып пул салынсын деп колдогон Тазабек Икрамов аман болсун!!! Дарыгерлерди коюп биринчи өзүңөрдү оңдогула!
+1
talaa11
2018-09-11 00:13:57
Биринчи озунордон баштагыла. Сен таза болсон,мен таза болсом коомда таза болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан