Өлкөдө мектеп орундарынын жетишсиздиги 1 жарым эсеге өстү

Кыргыз Республикасындагы окуучулардын жалпы саны бүгүнкү күнгө карата 1 жарым эсеге өскөн. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда өлкөдө 2 миң 262 мектеп иштейт. Анда 1 миллион 223 миң окуучу окуйт. Билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системинин базасына ылайык, иштеп жаткан мектептер 774 миң 120 орунга пландалган. Бирок акыркы жылдары окуучулардын көбөйүүсү байкалууда. Окуучулардын саны былтыркы жылга карата 4,0%га, 2012-жылга салыштырмалуу 18%га өстү. Шаарларда 25%га, айылдарда 14%га өсүү болду.

Министрлик мектепте окуу орундарынын жетишсиздигин Бишкек шаарына көчүп келгендерге байланыштырган. Учурда жалпы мектептин ичинен 446 мектеп бир смена, 1657 мектеп – эки смена менен иштесе, 159 мектеп башталгыч мектептерде окутуу үчүн ийкемдүү иш тартибине ылайык жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Adi.Avazbekov
2018-09-10 18:51:40
Mektep salgyla mechitterdi janylai berbei. Kudaiga shugur ar bir aiylda mechit bar. Bolgonu jakshy. Birok mektepterge da konul buruu kerekda. Paigambar kerek bolso misirge baryp bilim algyla degen. Islam dini ech kachan bilimdi ilimdi aga umtulgan adamdy jektebeit. Din mn ilim biri birine karshy kelbeit. Ekoonu birdei alyp ketiw kk. Adamdar kichine baiysa ele mechit salyp atasynyn atyn koiuwup jatat. Andan koro font achyp owogo kotorgula. Mektepterdi salgyla. Kartaigan adamdarga jardam bergile.
+2
pat12
2018-09-10 19:17:36
Кыргызда жайнаган мечиттердин жарымынын статусун озгортуп айылдагы шаарлдагы жетишпей жаткан бала бакча, мектептерге бериш керек. Мечиттерден эмне пайда таптык? билимлуу болуп кеттикпи же чыгармачыл онорлуу же жашообуз онолуп кеттикпиби. Жэ динчилдердин баштары катуу иштеп кеттиби? Керек болсо намаз окугандар бири бирине ыймандуу экенине ишенишпейт. Бирин бири сатып кеткен намазчылар толтура. Намазды ар ким уйдон деле окушса болот.
+2
urmat-77
2018-09-10 19:18:43
Окуучулардын көбөйгөнү жакшы жышаан.Мектептерди бала бакча салып санын көбөйтүү керек.Мечит жакшы нерсе бирок айрым заңгыраган мечитке кирсең 20 30 кишини эле көрөсүн.Бала бакчада бир орунга үчтөн бала туура келет.
+5
pat12
2018-09-10 19:26:16
Мектептерде бир класста 40 -50 баладан отурушат. Ушундайдан кантип билимдуу окуучуларды коробуз. Эгер биздин молдолор чын эле ыймандуу, патриотбуз дешсе анда мечиттерин жетишпей жаткан бала бакчага беришеер. Болбосо калп эле мечиттерге барып эки уч наасат кептерди угуп алыпшып эл козуно жасалма ыймандуу корунуп кереги жок. Адам бир кундо ыймандуу болуп кетпейт же бир эле азан кыйкырып койсо ыймандуу болуп кетпейт.
+2
Chagylgan2
2018-09-10 20:25:22
Мектеп курууга болунгон акчаларды кочмондорго жумшап асманга сапырып отурса анан каяктагы мектеп бизге?!!

Ушул Атамбаев менен Жээнбеков тойгузду го тойгузду......
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан