Бишкектеги Ак-Ордо конушунда ичүүчү таза сууну берүү үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу ичүүчү суу убактылуу токтотулат.
"Бишкек суу канал" ишканасынын билдирүүсүнө ылайык, 13-сентябрда саат 9:00дөн тартып 20:00гө чейин таза суу менен камсыз кылууну жакшыртуу үчүн жана суунун берилишин көзөмөлдөгөн аппаратты алмаштыруу иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу Ак-Ордо конушунда ичүүчү сууну берүү үзгүлтүккө учурайт", - дейт маалымат кызматы.
"Бишкексууканал" ишканасы жана Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, тургундарды алдын ала таза суу менен камсыз болуп алууну суранат.