"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Министрлик: "Эгер үй-бүлөдө 3-4 бала мектепте окуса, алар китептин ижара суммасынын 50 пайызын төлөшөт"

Өлкөдө ушул жылдын сентябрь айынан тартып окуу китептери 25 сомдон ижарага бериле баштаган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы окуу китептери боюнча координатор Уланбек Мамбетакунов билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылдын октябрь айында чыккан токтомго ылайык, ушул жылдын сентябрь айынан тартып өлкөнүн бардык мектептеринде 1-класстан 6-класска чейинки окуу китептери 25 сомдон ижарага бериле баштаган. Ал эми 6-класстан 11-класска чейинки китептер 2019-жылдан баштап ижарага бериле баштайт.

"Өткөн жылы Чүй облусуна караштуу 39 мектепте китептер ижарага бериле баштаган. Ал эми башка аймактарда ушул жылдын сентябрь айынан тартып ишке кирди. Ошондо 1 окуучу жылына 10 китеп ала турган болсо, 25 сомдон 250 сомду түзөт. Эгер үй-бүлөдө 3-4 бала мектепте окуса, анда ата-эне ижара акынын 50 пайызын гана төлөйт", - дейт ал.

Айта кетсек, Кыргыз өкмөтү 2017-жылдын 16-октябрында "Кыргыз Республикасындагы жалпы билим берүүчү уюмдарында китептерге ижара акысын төлөөнү киргизүү жөнүндө" токтомун кабыл алган.

Кабыл алынган жобого ылайык, окуучулар окуу китептерин төмөнкү учурларда акысыз ала алышат:

- Көп балалуу үй-бүлөлөрдөгү балдар (беш же андан көп бала);
- Социалдык жөлөк пул алган, аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдары;
- Ата-энесинин бири же экөө тең I же II топтогу майып болгон үй-бүлөнүн балдары;
- Жалгыз бой ата-эненин балдары;
- Аскер кызматчыларынын, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин, аскердик же кызматтык милдеттерин аткарууда майып же каза болуп калган үй-бүлөлөрдөн чыккан балдар;
- Жетим, ата-энесинен кароосуз калган балдар;
- Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар.

Үй-бүлөдө эгер 3-4 баласы мектепте окуса, алар ижара суммасынын 50 пайызын төлөшөт.

Эске салсак, буга чейин "Элдик кабар" рубрикасына бир катар окурмандардан мектептерде окуучуларга бир жылга берилип жаткан китептердин ижара акысына нааразы болгон билдирүүлөр келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
NURSAPAR
2018-09-10 20:00:03
Таң көрүүү Союз убагында жакшы экен. ......
+3
Chagylgan2
2018-09-10 20:07:34
Уялбайсынарбы окуучулардан акча сурагандан?!!

Эй Соке, ХХХХХХХХХ Кайсы арына окуучуларга "салык" салып отурасын?!! М2-3 кундо миллиарддарды сапырып кочмондор оюнун откоргучо окуучуларды китеп менен камсыз кылып мектеп куруп берсен болбойт беле?!!

Уят, уят, ХХХХХХХХ
+3
Alixan-Nookat.2015
2018-09-10 21:27:57
Менин балам биринчи класска барды мектептин сырты ремонт болду 500 сом деди бердим, охранага 180 деди бердим класстын ичин жасаганга 500 сом деди бердим дагы 900 сом айыл банкка тогосунор дептир ушундай акча чогултмай барбы? Ким билет жооп берип койгулачы? Бир ай боло элек 2080 сом кетип жатат
+4
Jyrgal_msk
2018-09-10 22:26:14
Билим беруу министри иштебей эле акча алып жатышат.Кана закон,кана текшеруу?
Мектептерди кыдырып текшерген министр барбы?Элдин оюн уккан министр барбы?
+3
aitowa11
2018-09-10 23:01:31
Китеп Бакиев убагында бекер берилип калган элего? Качан акчага бериле баштады?
+1
Chagylgan2
2018-09-10 23:25:11
aitowa11, Сокенин убагында...
0
bolot_milion
2018-09-10 23:24:29
Бул кандай олко мектеп окуучуларга да ижарага китеп берип. Бакиев убагында жок кылган болчу ушул нерсени аттин онуугу жолуна тушкон экен элек ошол Бакиев президент кечинде... Акаев убагында 10 сом эле Эми булар 25 сом блин только тономой жемей экенда жанын кейийт кичине ойлонгулачы эй тыйгылачы ушундай мыйзамды только тономой тономой
+2
talaa11
2018-09-10 23:29:13
ХХХХХХХХ биздин чондор эч эле тойбоду чочколор Эми ремонткода акча дегиле айбандар
+1
Chagylgan2
2018-09-10 23:40:11
talaa11, ремонтко да сурайт, сураган жерлерде сурап жатыптыр...

Окмот хотя бы баштапкы жана орто билимди акысыз бере албаган сон, эмне десе болот?!!

Баса, Соке иштеп жатат, кыйратып жатат, онолуп жатабыз дегендер кайда?!! Ушулбу онолуп жатканыбыз?!!
+2
admin_superstan
2018-09-11 11:49:46
talaa11, этика нормаларын сактаңыз! Эскертүү!
0
meku89
2018-09-11 07:06:41
Бекер окутулат, бир да сом төлөбөгүлө деп коюшат биздин чоңдор. А мектептен күндө акча сурайт. Биз биринчи класска бардык. Уборка охрана копилка дагы толтура нерсеси бар экен. 400 дөн айына төлөгүлө дейт. Кыскасы сөз жок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан