Ар бир эле ата-эне баланын толук-кандуу үй-бүлөдө чоңоюусун каалайт. Үй-бүлө курган соң да ата-эне балага камкордук болуп, жакшы тарбия, билим берүүгө умтулат. Бизге өзүнүн жүрөгүн өйүп жүргөн маселесин айтып, жардам сурап кайрылган окурманыбыздын аты Нургүл. Азыркы тапта Орусиянын Москва шаарында көпчүлүк мекендештерибиздей эле эмгектенет.
"Көпчүлүк мекендештерибиздей эле акча таап, кызымды окутуп, каржылык жагыбызды жакшырталы деген ой менен Москва шаарына келгем. Бардыгы өз нугу менен жүрүп жатат, бирок медер туткан жалгыз кызымдын менден алыста өсүп жаткандыгы мени өкүндүрөт. Ал гана эмес, кызым 1 жашында таштап кеткен атасын көрсөм дегенде эки көзү төрт болгону мени ойго салат", - дейт эне.
Анын айтымында, алар мурдагы жолдошу Эрмек Бектенов менен 2005-жылы баш кошушкан.
"Эл катары баш кошуп, бирге түтүн булатып жашап калдык. Өзүм Баткендин Лейлегинен болом, Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районуна турмушка чыккам. Жакшы күндөрдү өткөрүп ортодо 1 кыздуу болдук. Кайын журтум кызыма Малика деген ысым ыйгарышкан. Баягы эле бүтпөгөн түндүк-түштүк маселесинен уламбы, айтор, кайын журтум жашообузга кийлигише берип, акыры жолдошум экөөбүз ажыраштык. Биз эки жолго түшкөн маалда кызым 1 жашта болчу. Азыркы тапта кызым 7-класста окуп жатат.
Кызым азыр таенесинин колунда, каникулда болсо Москвага келип турат. Мени кейиткени кызым "атам кайсы жакта, эмнеге мага келбейт" деген суроолорду көп берет. Азыр эс тартып биздин ажырашып кеткенибизди түшүнөт. Мен кызыма эч качан атасын жамандап, ал тууралуу ар кандай кептерди айтып анын көңүлүн калтырайын деген эмесмин. Кандай болгон күндө дагы ал кызымдын атасы", - деп билдирди Нургүл.
Ошондой эле ал күйөөсү менен ажырашып кеткенден кийин бир да жолу ага жардам сурап кайрылбаганын, күйөөсү дагы бир да жолу кызынан кабар албагандыгын кошумчалады.
"Ажырашкандан кийин бир да жолу Эрмекке жардам сурап кайрылган жокмун, ал да бизден кабар албады. Кызым 1 жашка толгон кезде ажырашсак, азыр кызым 13 жашка чыкты. Ушул жылдар ичинде жок дегенде телефон чалып кызынын абалына кызыгып койгон жок. Кызым атасын таап, аны менен жолугуп сүйлөшкүсү келет. Бизге эч кандай жардамдын кереги жок, жөн гана Эрмектин кызына жолугуп эгерде ал кааласа катташып турушса дейм. Кызымдын тилеги да ошол өз атасы менен жолугуп катташып туруу. Балким, азыркы тапта Эрмектин башка үй-бүлөсү бар, ошого байланыштуу кызынан кабар албайбы деп да ойлонуп коём. Бирок кызымдын атасын бир көрсөм деген кыялы үчүн ар-намысты жыйыштырып сиздерге кайрылып отурам", - дейт окурман. Ал буга чейин жолдошуна байланышуу аракетин көрүп, бирок жыйынтык чыгара албаганын да белгиледи.
Нургүл аттуу келин эгерде Эрмек Бектенов өзү же жакындары бул кабарды окуп калса кызы менен байланышка чыгуусун өтүнөт. Байланыш номери: +996 708 099 444.