Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан таратышты.
Жолугушуу парламенттин кезектеги сессиясынын башталышына байланыштуу болуп өттү.
Маалыматка караганда, алар мыйзам чыгарууну жакшыртуу, өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүнүн маселелери боюнча пикир алмашкан.
Жээнбеков Жогорку Кеңештин алдында республикалык бюджеттин кийинки жылга карата долбоорун жана 2018-2019-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдык боюнча маселени кароо сыяктуу маанилүү темалар бар экенин белгиледи.
Мамлекет башчысы парламентти шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү карап чыгып, өз учурунда кабыл алууга чакырды. "Бардык өзгөртүүлөр шайлоо дайындалган мөөнөткө бир жыл калгандан кеч эмес такталып, киргизилип, кийин "оюндун шарттары" өзгөрбөшү керек", - деп эске салды президент.
Төрага Дастанбек Жумабеков парламенттин тармактык комитеттери жана депутаттык комиссиялары өз ишин баштаганын айтып, бул жумада жалпы жыйындар да старт аларын кошумчалады.