Орусиянын Анапа шаарында өткөн "Киношок" фестивалында Кыргыздын "Мунабия" тасмасы Гран-Прини жеңип алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын кинематография департаменти кабарлады.
Маалым болгондой, Таалайбек Кулмендиев режиссёрлук кылган "Мунабия" тасмасы баш байгеден сырткары "Мыкты сценарий" наамын да утуп алган.
Тасмада Мунабия аттуу кыздын окуясы чагылдырылган. Ал өзүнүн сүйүүсүн сактап калуу үчүн канчалаган сыноолорду баштан кечирет. Аталган каармандын ролун белгилүү актриса жана модель Мээрим Атантаева чагылдырган.
Ошондой эле Темир Бирназаровдун "Түнкү кырсык" тасмасы да аталган фестивалдын "Мыкты операторлук иш" жана "Мыкты музыка" наамдарына татыган.
Белгилей кетсек, "Киношок" - бул Балтия жана КМШ өлкөлөрүндө жыл сайын өтүүчү кинофестиваль. Ал быйыл Орусиянын Анапа шаарында 26-ирет өткөрүлдү.