SUPER TV: Корей улуттук музыкасы кыргыз тоолорунун арасында жаңырды

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюну Кыргыз өлкөсүнө дүйнөнүн ар тарабынан адамдарды чогултту. Оюндарды көргөнү келген меймандардын арасында ар тармактын өкүлдөрү бар. Эсиңиздерде болсо, буга чейин SUPER.KG'нин жамааты Түштүк Кореянын "Arirang TV" эл аралык телекөрсөтүү кызматынын өкүлдөрүн тосуп алып, андан ары Чолпон-Атага көчмөндөр оюнуна узаткан.

"Arirang TV" эл аралык телекөрсөтүү кызматынын өкүлдөрү Кыргыз өлкөсүнө бир гана көчмөндөр оюнун көрүү үчүн келген эмес. Алар менен бирге Түштүк Кореядан улуттук фольклордук музыканы алып жүрүүчү өнөр адамдары да келишкен. "Arirang TV'нын" продюсери Юн Хе Йоңдун идеясында, дал ушул кореялык музыканттарды кыргыздын тоолорунда, мейкин талааларында жана кыргыз элине аралаштырып аспаптарда ойнотуу болгон. Мындай шартты түзүп берүүгө SUPER.KG порталы көмөк көрсөтүп, малчылардын жайытына бет алдык.

Кыргызда конокко кой союп, кымызын сунбай кетирген учур дээрлик жокко эсе. Алар өмүрүндө көрбөгөн кой союу, эт бузуу, ичеги артуу сыяктуу көрүнүштөрдү таңыркоо менен карап отурушту. Кызыктын баары көз байланып, күн батканда башталды. Төгөрөктөп отурган элдин ортосуна от жагылып, эки элдин өкүлдөрү өз өнөрлөрүн тартуулашты. Албетте, алыстан келген коноктор өздөрүнүн музыкалык аспаптары, улуттук кийимдери менен келгени анык. Ал эми кыргыздан атайын тандалбаган, карапайым элдин арасындагы таланттар суурулуп чыгып, өнөрлөрүн тартуулашты. Ушул тууралуу видеосюжетти кененирээк шилтеме аркылуу өтүп SUPER TV бөлүмүнөн көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан