Өкмөт башчы Азия эл аралык кинофестивалы ата мекендик кинематографисттер өздөрүн дүйнөлүк деңгээлде таанытуу үчүн мыкты мүмкүнчүлүк экенин айтты

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 10-сентябрда Азия эл аралык кинофестивалынын аткаруучу директору Жорж Шамшум жана Жогорку Кеңештин депутаты, кинорежиссёр Садык Шер-Нияз менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

"Ушул жылы кинофестиваль алкагында кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата анын чыгармалары боюнча тартылган фильмдерди көрсөтүүгө өзгөчө басым жасалары кубандырат. Буга катар биз кинофестивалдын уюштуруучуларына дүйнөлүк фильмдердин кинорыногунда азия аймагынын тасмаларын алга жылдыруу боюнча жүргүзүп жаткан иштерине ыраазычылык билдиребиз", - деди Абылгазиев.

Премьер-министр мындай фестивалдар ата мекендик кинематографисттер өздөрү, өз өлкөсү тууралуу дүйнөлүк деңгээлде таанытуу үчүн мыкты мүмкүнчүлүк болуп саналарын белгилеп өттү.

Кинорежиссёр Садык Шер-Нияздын айтымында, азия кинофестивалынын негизги идеясы Азия жана Американын киноиндустриялары ортосундагы байланыштарды жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүү болуп саналат.

"Кинофестиваль негизделген жылдан бери карай белгилүү кинематографисттер арасында аталган иш-чарага чоң кызыгуу пайда болду. Алдыда өтө турган Азия эл аралык кинофестивалында кыргыз киноленталары да көрсөтүлөт. Мындан тышкары, ушул жылы Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча биздин өлкөдө гана эмес, Орусияда да тартылган фильмдерди көрсөтүүнү пландаштыруудабыз. Өткөрүлүп жаткан иш-чаралар Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөөгө арналган", - деп маалымдады Садык Шер-Нияз.

Жолугушуунун жүрүшүндө Азия эл аралык кинофестивалынын аткаруучу директору Жорж Шамшум Кыргыз жеринде өткөрүлгөн III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу пикирин суктануу менен билдирди.

Маалымдама: Азия эл аралык кинофестивалы аймактын кинематографиялык коруна көңүл бурдуруу, азиялык жана голливуддук киноиндустриялар аралык байланышты чыңдоо үчүн азиялык тасмалардын кеңири чөйрөсүнүн мыкты фильмдерин Лос-Анжелесте тартуулайт. Быйылкы жылы иш-чара 24-октябрдан 1-ноябрга дейре Калвер-Ситиде, Калифорнияда өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан