Москвада Кыргыз жарандарын унаасы менен сүзгөн деп шектелген жаран 2 айга камакка алынды

Москвада Кыргыз жарандарын унаасы менен сүзгөн деп шектелген Бекжан С. Кузьмин райондук сотунун чечими менен 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Москва шаарынын Кузьмин райондук сотунун чечимине ылайык, Бекжан.С 8-ноябрга чейин камакта болот. Орусиялык телеканалдарда берилген маалымат боюнча ал 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Эске салсак, Москва шаарындагы Марьино районунда 20 жаштагы жигит Кыргыз жарандарын унаасы менен сүзүп кеткен. Окуянын күбөлөрү күнөөлүү делген жигит Кыргыз жараны экенин айтып, кырсык карындашына тийишкен жигиттер менен кылмышка шектүүнүн ортосунда чыккан уруштан келип чыкканын айткан. Ал эми кырсыкка шектүүнүн карындашы орус маалымат каражаттарына окуянын чоо-жайы тууралуу айтып берген. Катталган кырсыктан жалпысынан 11 адам жабыркап, 1 адам каза болгон.

Москвадагы Кыргыз жарандарын сүзүп кеткен окуя
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан