10-сентябрда футбол боюнча Кыргыз-Сирия беттешинде жарык эки жолу өчтү. Бул боюнча "Түндүкэлектр" ишканасынын басма сөз кызматы стадионду жарык менен камсыз кылуучу көмөк чордондордо эч кандай көйгөй жаралбаганын SUPER.KG порталына билдиришти.
"Спартак" стадионун Батыш райондук электр тармактары тейлейт. Стадионду эки көмөк чордон (№1743 жана №1742) жарык менен камсыз кылат. Кечээ эл аралык беттеш болгондуктан электр энергиясы менен камсыз кыла турган резервдик жабдуу коюлган. Алардын баары иштеп жаткан. Биз сырттан камсыз кылабыз. Стадиондун ичиндеги жарыктандырууда кандайдыр бир көйгөй чыгышы мүмкүн", - деп билдиришти "Түндүкэлектр" ишканасынан.
Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынан беттеш учурунда жарык эмне себептен өчкөнүн учурда аныктап жатышканын билдиришти.