Чүй облусунда Мерседес-Бенц унаасы менен 1 миң түк чөп күйүп кетти

Өлкө боюнча бир сутканын ичинде 25 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 8, Ош облусунда 5, Ош шаарында 1, Талас облусунда 1, Нарын облусунда 2, Жалал-Абадда 2, Баткенде 1, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

"Аламүдүн районуна караштуу Арчалы айылындагы үйлөрдүн биринин короосунан Мерседес-Бенц 210 үлгүсүндөгү унаасы жана бастырмада жыйылган 1 миң түк чөп күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби аныкталууда", - деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалыматтар боюнча өрттөн жабыр тарткандар болгон эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан