АКШ долларынын баасы 70 сомго жетти.
Учурда өлкөдөгү акча алмаштыруу жайларында жана коммерциялык банктарда 1 доллар 69,6 сом - 69,8 сомго сатып алса, 69,86 сом - 70 сомго сатууда. Өткөн айда айрым акча алмаштыруучу жайлардын ээлери 1 долларды 69,3 сомдон сатып алып, 69,5 сомдон сатышкан.
Ал эми орус рублинин куну учурда 0,99 сомду түзүүдө. 1 доллардын баасы 70,45 рублга тете болуп жатат.
Доллардын өсүшүнө байланыштуу Улуттук банк интервенция өткөрүп, жалпысынан 19 миллион 550 миң долларды сатты. Бул акыркы жарым жылдагы эң ири интервенция катары бааланууда.