СУПЕРСТАН: "Кыздардын ойлору... "Жоолук ороном" десем ата-энем мени колдойт бекен..."

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыздардын ойлору..." деген тема талкууга алынган.

Автор: "EmMiR "байкем" тема ачыптыр го ушул сыяктуу... Анан эркектер эле ойлонмок беле, кыздардын деле ою бар да деп ойлонуп кеттим. Кыздар, кимиңер эмне же ким жөнүндө ойлонуп жатасыңар?" деген суроосун калтырган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

- "Эмнеге эркектер "жмот" келишет? Кызы бар туруп, эмнеге башкасына көз салат? Эмнеге алдай беришет? Эмнеге туруктуу болушпайт?"

- "Мен жанымды таарынтып аламбы деп коркуп ойлонуп жатам".

- "Эмнеге эркектер жүрөгү менен сүйүшпөйт? Обу жок эле кызгана беришет... Унутуп калдым эми көзүмө көрүнбөй эле койсоң экен... Жазга карата кийим алыш керек..."

- "Эмнеге балдар байпагын ар кайсы бурчка ташташат? Эмнеге балдар чечкиндүү болуп, "болду мен айткандай болот" деп катуу айта албайт? Ушу балдар капаланганда, кусага батканда ыйлайт болду бекен? Эмнеге балдардын көбү романтик эмес? Акылдуу балдарды кайдан таап, таанышсам?! Аскердик кызмат деген сөздү укканда кандай кабыл алат болду экен? Эми беш кол тең эмес да, балдар, катуу тийсе таарынмай жок".

- "Кечээтен бери бир ой эсимден кетпей жатат. Дайыма эле өзүмө душман таап алам билбейм, баары менен дос болгум келет".

- "Жигитим азыр эмне кылып жатты экен? Акыркы күндөрү ал мага аз чалып калды, башкасын таап алган жок болду бекен?.."

- "Кечээ эле бир адамды көрүп, "айдаганы беш эчки, ышкырыгы таш жарат" деген макал ушуга арналса керек деп ойлодум..."

- "Кафеге бармакпыз. Кайсы көйнөгүмдү кийип барсам же шым кийсемби деп аябай ойлонуп жатам".

- "Жоолук ороном" десем ата-энем мени колдойт бекен деп ойлонуп жатам".

- "Бир кадам таштап, жашоодо жаңы багытка умтулушум керек... Үй-бүлө курардан мурда бир бийиктикти багынтып койсом. Дин боюнча китептерди жыйнап койгом, ошолорду окуп чыксам, илим алсам, хиджаб кийсем (намаз окубай коюу мүмкүн, бирок хиджаб кийбей коюу мүмкүн эмес), билим алуу да ашыкча болбос, дагы үч-төрт тармакка аракет кылып көрөйүн... Орозо кармап, Жараткан Алла Тааланын алдында сабырдуу милдетимди аткарайын... Ата-энемди ар дайым ыраазы кылайын деген ойлор..."

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
barakcha
2018-09-12 12:11:16
Башымда ойлрр толтура.кайсы бирин айтам?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан