Москвадагы кырсыктан жабыркаган адам: "Көп нерсени эстей албай жатам, түшүм сыяктанат"

Москванын Марьино районунда мекендештерин сүзүп кеткен окуяда 11 адам жаракат алып, бирөө каза болгон. Жабыркагандардын бири учурда ооруканада дарыланып жатканын, 9-сентябрда болгон окуяга эч кандай тиешеси жок экенин SUPER.KG порталына айтып берди.

"Марьино районундагы окуяга менин эч кандай тиешем жок. Мен Кыргыз өлкөсүнө кетем деп билет алып койгом. Кетер алдында дос балам менен чай ичип коёюн деп кафеге барганбыз. Тагыраагы, экөөбүз 8-сентябрда кечке маал жолугуп, кафеде көпкө чейин сүйлөшүп отурдук. Сөзүбүздү жыйынтыктап, кетели деп сыртка чыкканбыз. Досум экөөбүз жөө адамдар өтүүчү жолдо сүйлөшүп баратып, көчөдө жаңжал болуп жатканын байкаган эмеспиз. Анан эле эсимди жоготтум. Азыр ооруканадамын, бирок көп нерсени эстей албай жатам. Түш көргөндөй эле абалдамын. Баш мээм чайкалыптыр, сол бутум сынган окшойт, дааратканага эптеп таяк таянып барып келем. Азыр мени эжем карап жатат. Ал эми досумдун абалы кандай жана кайсы жакта экенин билбейм. Номерлери өчүрүлгөн, байланыша албай жатам", - дейт жабырлануучу.

Эске салсак, 9-сентябрь күнү Москва шаарында 20 жаштагы Бекжан аттуу Кыргыз жараны унаасы менен жол четинде турган 10дой Кыргыз жаранын сүзүп кеткен. Кырсык тууралуу кылмышка шектүүнүн карындашы, андан кийин өзү дагы окуя тууралуу көрсөтмө берген.
Кылмышка шектүүгө карата кылмыш иши козголуп, эки айга камакка алынды. Атасы Иса Жүжүбаев SUPER.KG порталына уулун окуяга чейин 10 бала шылдыңдаганын айтып берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Chagylgan2
2018-09-11 15:38:28
Кеч досуна жолуга коем деп эле, бир ооз соз суйлошкучо тан атып кетиптирби?!! Окуяга тиешем жок деп актанмай башталдыбы?!! Балким урушкандар арасынан тааныштары таанып, сен да ошол коптун катарында токмоктопсун го деп чындыкты козго сайып корсотсо эмне дейсин, эгер тиешен бар болуп, азыр актанып жатсан?!! Айтор, эч бирине ишенип болбойт...
+13
Jasa
2018-09-11 16:02:30
Кыскасы жаман иш болду,айтор соз коп
+5
meni_kut
2018-09-11 16:53:29
Видеодон кордук ХХХХХХ окшоп он адам Бир адамды тепкилепсинер.Жон барып жон эс алып кетпейт беленер?
+5
Miroslav
2018-09-11 20:53:22
Мас болсон эсинде эч нерсе калбаганда.
+6
Jaziko80
2018-09-12 14:58:16
Miroslav, Курулай дооматтан бей ажал олумдон сактасын Кудай. Айтылбай келген кырсыктан сактасын Кудай. Бул кырсык деп коет. Мас эмес. Жоо жургунчу отчу жерден отуп баратканда сузгон. Кылмышка шектуулордон башка ал кафеге канча адам барат. Мээси чайкалса эсинде жокда. Кыргыздар мынча бири бирибизге кара санайбыз. Таш боорбуз. ХХХХХХ ХХХХХХХ Кыргыздар ынтымакта бололу,биригели.
0
admin_superstan
2018-09-12 16:12:57
Jaziko80, улуттар аралык түшүнбөстүк жараткан билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат! БАНга!
0
baltabaev
2018-09-11 23:31:07
Чайханага барсан жанин чыгавы эде тууган?
+4
Taku.14.02
2018-09-12 03:19:39
8 барып копко суйлошуп де ошондо тан аткычабы.
+4
stepboy
2018-09-12 04:59:24
Койчай отмазки короче силер ХХХХХХХХ один на один вы ни кто
+3
Kroxa
2018-09-12 08:54:04
Тан аткыча соо киши журбосо керек..
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан