Бишкектеги кең көчөлөрдө бир нече күндөн бери унаа тыгыны орун алууда. Жолдогу унаа тыгыны буга чейин көпчүлүк жарандар эртең мененки жумушка бара жатканда же жумуштан чыкканда болуп келген. Бирок учурда мындай көрүнүш бир топ ыңгайсыздыктарды жаратууда.
Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын маалымат кызматы 11-сентябрда SUPER.KG'ге "унаа тыгындары оңдолуп жаткан жолдордун бүтпөй жатканына байланыштуу" деп билдирди.
"Жаңы окуу жылынын башталышы менен унаа айдагандардын да саны көбөйүп кетти. Ошону менен бирге борбордо оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу бир нече көчө жабылган. Бул жагдай унаа тыгындарын пайда кылды. Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин иши эртең мененки саат 6:40та башталып, кечки 18:00дө аяктайт, кийинки смен 18:00дөн баштап таң аткыча жол кыймылын көзөмөлдөшөт. Учурда шаар ичинде, базарлардын айланасында "Парковка" аталышындагы рейд жүрүүдө. Туура эмес жерге токтотулган, жол боюнда турган унаалардын баары айып пул төлөөчү жайга жеткирилүүдө. Окуу жылынын башталышы менен ар бир мектепке инспекторлор бекитилди. Алар өзүнүн аймагындагы мектеп окуучуларына жол эрежелерин эскертип, алардын жолдо жүрүүдөгү коопсуздугун көзөмөлгө алат", - деп билдиришти башкармалыктан.
Учурда оңдоо иштерине байланыштуу жабылган көчөлөр:
- Үмөталиев көчөсүнүн бир бөлүгү жабык турат. Аталган көчөнүн Москва көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү жол катмары алмаштырылып, жаңы жээк таштар орнотулуп жатат. Оңдоо иштери ушул жылдын 15-октябрына чейин созулмакчы. Учурда унаалардын жүрүүсү үчүн Турусбеков жана Калык Акиев көчөсү альтернативдик көчө болууда.
- 18-августта Токтоналиев көчөсүнүн Масалиев көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки аралыгы жабылган. Оңдоо иштери 17-октябрда жыйынтыкталат. Айдоочулар учурда Чыңгыз Айтматов кең көчөсү менен жүрүүдө.
- 7-сентябрдан тарта газ өтүүчү түйүндөрдү төшөөгө байланыштуу Фрунзе көчөсүнүн Тоголок Молдо көчөсүнөн Манас проспектисине чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылды. Оңдоо иштери 21-сентябрда жыйынтыкталат.