Бүгүн, 11-сентябрда парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинде кош жарандуулугу бар мамлекеттик кызматкерлерди жоопкерчиликке тартуу боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
Мыйзам долбоордун демилгечиси Дастан Бекешев жарандуулукту аныктоо боюнча Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркия, Кытай менен макулдашуу түзүү керектигин айтты. Анын айтымында, кош жарандуулукту текшерүү иштери жүрүп жатат, бирок чет мамлекет атайын макулдашуу болбосо жооп беришпейт.
Жыйынтыгында депутаттар “Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун кароону кийинкиге калтырды.