Депутат Азамат Арапбаев айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашевге: "Өкмөт башчыга Кытайдан келип жаткан этке, АКШдан келип жаткан тооктун сан этине тыюу салууну сунуштаңыз", - деди.
Эл өкүлү ата мекендик өндүрүшчүлөргө колдоо көрсөтүү үчүн чет өлкөдөн көп көлөмдө келип жаткан товарларга чектөө киргизүүнү сунуштады. "Бизде азыр бир жылдан кийин эт канча сом болору тууралуу болжолдуу маалымат жок. Бааларды эсепке алыш керек да. Кытайдан эт вагондордо келип жатат. Чектөө коюлуп, өзүбүздүн өндүрүшчүлөргө да шарт түзүүнү ойлоо зарыл", - деди Арапбаев.
Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында айыл чарбасынын учурдагы абалы жана үрөнчүлүк боюнча маселе талкууланууда.